Бишкекте Ата Мекендик согуштун 5 эстелигин калыбына келтирүү пландалууда

Sputnik
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштун эстеликтерин калыбына келтирүү боюнча жаңы долбоор ачылды. Бул тууралуу Ленинград блокадачыларынын кыргыз коомунун төрагасы Марат Кутанов Экинчи дүйнөлүк согуштун 80 жылдыгына арналган форумда билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө оңдоп-түзөө иштерин талап кылган 5-6 эстелик бар.
"Бишкек финансы-экономикалык техникумунун студенттери Экинчи дүйнөлүк согуштун 80 жылдыгына карата эстеликтерди калыбына келтирүүгө киришти. Жакында эле алардын жардамы менен Киркомстромдогу эстеликти жакшырттык. Дагы 15 эстелик бар, аларды да калыбына келтиришибиз керек", — деди Кутанов.
Ал Улуу Ата Мекендик согушта дайынсыз жоголгон жоокерлердин жакындарына маалыматтарды табууга жана аларга жеткирүүгө көмөктөшкөн "Ысымын кайтаруу" долбоору ишке киргенин эске салды.
"2021-жылы аскер комиссариаттарына тизмелерди тапшырганбыз. Бүгүнкү күндө алар 17 үй-бүлөнү табышты, биз аларга жоокердин кайда каза болгондугу жана сөөгү кайда коюлганы боюнча документтерди кайтарабыз. 7-октябрда Чолпон-Ата шаарындагы маданият үйүндө дайынсыз жоголгон жоокерлер тууралуу үй-бүлөлөргө маалымат берилет. Эң негизгиси, биз КМШнын тарыхында алгачкылардан болуп издөөнү жандандырдык. Коргоо министри Экинчи дүйнөлүк согуштун 80 жылдыгына карата жок дегенде согушта жоголгон 400-500 аскер кызматкеринин үй-бүлөсүн табуу боюнча буйрукка кол койгон, тапшырма аткарылды", — деп белгиледи Кутанов.
Согушта жоголгон жоокерлердин жакындары алар тууралуу маалымат ала башташат. Видео