Баткенде 50 млн. долларлык алтын кен мамлекетке кайтарылды

Кенде жалпысынан алтындын 10 тоннага, күмүштүн 15 тоннага чукул кору бар экендигин айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Баткен облусунда баасы 50 миллион долларга чукул алтын кен мамлекеттин карамагына өттү. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.
"Камчыбек Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун ишин каржылоо боюнча катталган кылмыш иштин материалдарынын негизинде тергөө иштерин жүргүзүүдө "Апрелское AZI" алтын кени Жаратылыш ресурстары жана техникалык көзөмөл министрлигинин балансына өткөрүлдү", — деп билдиришкен атайын кызматтан.
Кенде жалпысынан алтындын 10 тоннага, күмүштүн 15 тоннага чукул кору бардыгын жана алдын ала эсептөөлөр боюнча наркы 50 миллион доллар экенин айтышты.
УКМК кылмыштуу жол менен, анын ичинде уюшкан кылмыштуу топтун өкүлдөрү тартып алган мүлктөрдү аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам иш-чаралар улантылып жатканын коушмчалады.
УКМК: Таластагы кенди иштетүүгө мыйзамсыз лицензия берген аткаминер кармалды