Астанада КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздук кызматынын жетекчилеринин жыйыны өттү

Sputnik
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Бүгүн Астанада КМШнын коопсуздук органдары менен атайын кызматтардын кеңешинин жетекчилеринин 55-жыйыны өттү. Бул туурасында Казакстандын Улуттук коопсуздук кызматынан кабарлашты.
Алгач аларды Касым-Жомарт Токаев кабыл алып, ыкчам жана аналитикалык маалымат менен өз убагында алмашуу аймактык коопсуздуктун көйгөйлөрүнө жана коркунучтарына каршы иштөөгө жардам берерин белгилеген.
Иш-чарага Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Россия, Тажикстан, Өзбекстандан делегациялар жана КМШнын Аткаруу комитети менен Антитеррордук борборунун өкүлдөрү катышкан.
Жолугушууда буга чейинки жыйындан берки мезгилдеги кызматташуунун жыйынтыктары каралган. Ошондой эле эл аралык террорчулукка, трансулуттук кылмыштуулукка, киберкылмыштуулукка каршы күрөшүүдө биргелешип иштешүүнүн негизги маселелери талкууланган. Мыйзамсыз миграция, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү маселеси да көңүл борборунда болгон.
КМШ атайын кызматтарынын жетекчилеринин Бишкектеги жыйыны
Бишкекте КМШнын атайын кызматтарынын башчыларынын жыйыны өттү. Видео