5-октябрга карата аба ырайы

5-октябрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт.
Sputnik
ЁБИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. 5-октябрь, ишембиде, күндүз тоолуу райондордо жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй, Баткен облустарында +23...+28, Талас аймагында +20...+25, Ош, Жалал-Абад өрөөндөрүндө +24...+29, Ысык-Көлдө +16...+21, Нарын жергесинде +17...+22 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаада жана Ош шаарында +25...+27 градуска жетет.
Министр кышында электр энергиясы чектелбей тургандыгын айтты