Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Sputnik
Ысык-Көлдөгү 4 пансионат Өзбекстанга 49 жылга ижарага берилдиИзраиль Насрулланын мураскери бар деген бункерге 73 тонна бомба таштадыБаткенде 50 млн. долларлык алтын кен мамлекетке кайтарылды алдыда кененирээкӨзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Ысык-Көлдөгү 4 пансионатты 49 жылдык мөөнөткө пайдаланууга берүү жөнүндө Кыргызстандын өкмөтү менен түзүлгөн макулдашууну бекитти. Бул тууралуу Фергана агенттиги жазды. Маалыматта белгиленгендей, макулдашууга 2024-жылдын 18-июлунда кол коюлган. Документте өзбек инвесторлоруна “Золотые пески”, “Дилором”, “Рахат” пансионаттарын жана толук курулуп бүтө элек “Бустон” объектиси узак мөөнөткө колдонууга, ал эми жер ижарага берилет. Бул үчүн инвесторлор объекттерди үч-төрт жылдыздуу кылып реконструкциялап чыгат. Пансионаттардын кызматкерлеринин 80%ы Кыргызстандын жарандары болуусу шарт.
«Жылдын мыкты мугалими» республикалык сынагынын баш байгесин Ош мамлекеттик университетинин «Билим» мектеп-лицейинин математика мугалими Назгүл Каныбекова жеңип алды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Сынактын шарты боюнча 1-орунду алган мугалимге Бишкек шаарынан батирдин ачкычы тапшырылат. Республикалык сынакка жалпысынан 128 мугалим катышты.
«Бишкек суу канал» ишканасы тарабынан оңдоо иштери жүргүзүлүп жатканын кабарлады. Буга байланыштуу 7-октябрда саат 9:00дөн 21:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки балдар мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерге таза суу берүү токтотулат. Суу өчө турган даректер: М.Фрунзе көч., Манас пр., Жибек Жолу пр., Турусбеков көч., Баялинов көч., Абдрахманов көчөсү. Ишкана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.
Баткен облусунда баасы 50 миллион долларга чукул алтын кен мамлекеттин карамагына өттү. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты. "Камчыбек Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун ишин каржылоо боюнча катталган кылмыш иштин материалдарынын негизинде тергөө иштерин жүргүзүүдө "Апрелское AZI" алтын кени Жаратылыш ресурстары жана техникалык көзөмөл министрлигинин балансына өткөрүлдү", — деп билдиришкен атайын кызматтан. Кенде жалпысынан алтындын 10 тоннага, күмүштүн 15 тоннага чукул кору бардыгын жана алдын ала эсептөөлөр боюнча наркы 50 миллион доллар экенин айтышты.
Израилдин аскердик учактары Бейруттун чет жакасындагы объектини бомбалады. Божомол боюнча, анын ичинде буга чейин жок кылынган "Хезболла" кыймылынын лидери Хасан Насрулланын мураскери болушу мүмкүн. Бул тууралуу РИА Новости Ynet порталына шилтеме берип жазды. "Жума күнү кечинде Аба күчтөрүнүн учактары "Хезболланын" башкы чалгындоо штабы катары аныкталган Дахия аймагындагы бункерге жалпы салмагы 73 тоннага жеткен бомбаларды таштаган. Божомолдор боюнча, Хасан Насрулланын мураскери боло турган Хашем Сафи ад-Дин ошол учурда кыймылдын башка жогорку даражалуу мүчөлөрү менен бирге комплекстин аймагында болгон", — деп жазат басылма. Портал чабуулдун жыйынтыгы азырынча белгисиз экенин белгиледи.Ливандын саламаттык сактоо министри Фирас Абдыядга шилтеме берүү менен жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлагандай, 3-октябрга карата соккунун курмандыктарынын жалпы саны 1 974 адамды түздү.ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫНЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта:1 АКШ доллары 84 сом 46 тыйынга1 евро 93 сом 22 тыйынга 1 рубль 88 тыйынга Казак тенгеси 17 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 66 сом 90 тыйындан баштап, 67 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 74 сом 40 тыйындан 75 сом 40 тыйынга чейин, дизель майы 74 сом 80 тыйындан, 75 сом 30 тыйынга дейре, ал эми унаа газынын литри 37 сомдон сатылууда. АБА ЫРАЙЫ 5-октябрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. 5-октябрь, ишембиде күндүз тоолуу райондордо жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүй, Баткен облустарында +23...+28, Талас аймагында +20...+25, Ош, Жалал-Абад өрөөндөрүндө +24...+29, Ысык-Көлдө +16...+21, Нарын жергесинде +17...+22 градус жылуу болот. Күндүн табы борбор калаада жана Ош шаарында +25...+27 градуска жетет.