Шарт жоктугунан операцияга кезек жетпей жүрөк кемтиги менен туулган наристелер чарчап калууда

Sputnik
Жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу боюнча илим изилдөө институту 1985-жылы курулган. Ошол кезде талапка жооп бере турган алдыңкы оорукана болгонун Самидин Шабыралиев билдирди.
Төрт операциялык жана реанимациялык орун бар болчу. Эки чоңдор жана бир балдар бөлүмү иштечү. Убакыттын өтүшү менен имарат деле эскирет. Бүгүн бир кезде Орто Азия боюнча мыкты деп саналган оорукана абдан начар акыбалга келип такалды. 40 жылдан бери бир да жолу капиталдык оңдоо иштери болгон эмес. Учурда түтүктөрү, канализациялары чирип, дубалдары урай баштады. Жабдыктар эскилиги жеткен эле. Бирок акыркы кезде демөөрчүлөр жабдыктарды жаңыртууга жардам берүүдө. Ушундай шартта операцияны күтүп, кезеги жетпей жүрөк кемтиги менен туулган наристелер да чарчап калат. Эгер жаңы имарат салынса оорукана бул кыйынчылыктан арылмак.
Түштүк Кореялык кесиптештери келип, кыргыз дарыгерлеринин иштеген шартына таң калганын жана кадрларды бекер окутууга макулдугун бергенин Шамыралиев жашырбады.