Министр кышында электр энергиясы чектелбей тургандыгын айттыРоссия ТИМи АКШга эскертүү бердиСоцфонддун башчысы пенсияга иш стажы жетпегендер канча акча аларын айттыалдыда кененирээкКыргызстандын салык жаатындагы тажрыйбасы шериктештегилерге кызык болушу мүмкүн. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров айтты. Ал Бишкекте өткөн КМШга мүчө өлкөлөрдүн салык кызматтарынын жетекчилеринин Координациялык кеңешинин 31-отурумуна катышты. "Биздин бүгүнкү жолугушуунун темасы актуалдуу экендигин белгилегим келет. Учурда дүйнө санариптик трансформациянын доорунда жашап жатканын, технология биздин жашообуздун бардык чөйрөсүнө кирип, анда салыктык башкаруу да четте калбай санариптештирүү ишинин натыйжалуулугун гана жогорулатпастан, процессти өркүндөтүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат", — деген өкмөт башчы. Ал акыркы жылдары Кыргызстан салык процесстерин санариптештирүү боюнча олуттуу ийгиликтерге жеткенин кошумчалады.
Кыргызстанда 5 жылдык эмгек стажы бар жарандар эң аз дегенде 6 миң 900 сом пенсия аларына ишенсе болот. Бул тууралуу Социалдык фонддун башкаруучулугунун төрагасы Бактияр Алиев Sputnik маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди. Пенсиянын базалык бөлүгүн толук алуу үчүн буга чейин эркектерге 25, аялдарга 20 жылдык эмгек стажы талап кылынчу. 1-июлдан тарта ал норма алынып, 5 жыл иштегендерге базалык бөлүгү толук төлөнө баштады. "Бул реформаларды жүргүзүү үчүн республикалык жана Социалдык фонддун бюджетинен 60 миллиард сом керектелет, бүгүнкү күндө 47 миллиард сому сарпталды", — деди Алиев. Ал белгилегендей, реформалардын алкагындагы беш жылдык тажрыйбага университетте окуу беш жыл, эркектер үчүн аскер кызматын өтөө, декреттик өргүүдө үч баласын багып жаткан аялдар кирет.
Бул кышта электр кубаты чектелбей тургандыгын энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди. Ал эгерде электр линияларына күч келсе, жабдууну сактап калуу үчүн жөнгө салына турган иштер жасаларын кабарлады. "Чектөөнү ЖМКлар аркылуу алдын ала, маселен, саат 6:00дөн 9:00гө чейин электр кубаты болбойт деп билдиребиз. Бирок азыр кайсы жерде жана мындай "перегруз" болуп каларын билбейбиз да. Жакында радиодон сүйлөсөм, кээ бир сайттар бир, бир жарым саатка өчөт экен жазып жиберишти. Мындай болбойт. Эгерде күч келип калган болсо, фидерди башкага которуш үчүн гана өчүрөбүз. Быйыл энергетиктер кышка жакшы даярданды", — деген министр. Ал ар бир райондук электр тармактагында кошумча камдап койгон бештен трансформатор бардыгын билдирген.
Россия менен АКШнын ортосунда куралдуу кагылыштын чыгып кетүү ыктымалдыгы Вашингтондун кийинки кадамдарына жараша болот, бирок Москва эскалацияга жол бербөөнү эскертет. РФтин тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков АКШ өздөрүнүн Россияны улам сынап жаткан аракеттери катуу контрчараларга тушуктурбайт деп жаңылыш ойлоп жатат деп айтканын РИА Новости жазды. "Албетте. Бардык көз караштан алганда да комплекстүү жасалат", — деген Рябков комментарийинде. Анын айтымында, кеп геоясаясий же куралдуу каршылык туурасында болору "америкалыктарга байланыштуу".Анын айтымында, баарын кучагына алып, өзүнчө мүнөзгө ээ болгон санкцияларга карата туруктуулукту арттыруу үчүн зарыл болгон бардык чаралар көрүлүүдө.