Tunduk тиркемесиндеги маалыматтар мамлекеттик органдардын базасында сакталат — чочулоонун кереги жок

Sputnik
Tunduk тиркемесинде балдарга тиешелүү жаңы эки кызмат ишке кирди. Эми тиркемеде баланын катталгандыгы (катталган жери, прописка) жана балдар үчүн мүлккө ээлик кылуу/ээлебөө тууралуу маалымкатты онлайн тартипте алуу мүмкүн. Мурда Калкты тейлөө борборуна, мүлктү каттоо агенттигине барып, кезекке туруп алчы. Жарандардын убактысы үнөмдөлөт. Мындан тышкары жакынкы күндөрү дагы жаңы кызматтар ишке киргени турат. Тиркемеде жалпы 60дан ашуун кызмат жеткиликтүү.
Маалыматтар мамлекеттик органдардын базасында сакталарын "Түндүк" мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары Рахат Жусумамбетова айтып берди.