Улуттук музыкалык аспаптарды жасоо өнөрү – жарыяланган сынак таланттарды таап, жаңы дем жарата алабы?

Sputnik
Улуттук музыкалык аспаптарды жасаган усталар арасында сынак жарыяланды. Ал комуз, кыл кыяк, темир ооз комуз жасаган усталардын арасында өтөт. Сынактын максаты, Кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын, маданий мурастарын сактоо жана жайылтуу менен бирге улуттук музыкалык аспаптарды жасаган усталарды колдоо, аспаптардын сапатын жогорулатуу жана Устачылык өнөрдүн тарыхый жана байыркы салттарын, салттуу маданиятын жана мурасын жандандыруу. Бул албан максаттар кантип ишке ашат? Сынактын шарты кандай, байгеси канча? Ошондой эле улуттук музыкалык аспаптар азыр кандай колдонулууда жана алардын коомдогу орду кандай? Кандай болуусу керек?
Ушул жана башка суроолорго “Музыка ишмерлер союзу" коомдук бирикмесинин төрагасы, Кыргыз Республикасынын эл артисти, композитор Түгөлбай Казаков жооп берди.