Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Sputnik
Саламаттык сактоо министрлиги менен Бириккен Улуттар Уюмунун биргелешкен санариптик саламаттыкты сактоо программасы ишке кирди. Ал саламаттыкты сактоо тармагын жакшыртууга багытталган. Программа калк үчүн маанилүү медициналык маалыматка жана кызматтарга жетүүнү жеңилдетет. Саламаттык сактоо министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Бакыт Джангазиев программанын бюджети 4,03 млн долларды түзүп, мөөнөтү 3 жылга созуларын маалымдады. Программа өлкөнүн санариптик саламаттык сактоо системасын бекемдөөгө, өзгөчө аялдар, балдар, айылдык жана алыскы райондордогу калктын аялуу топтору үчүн сапаттуу медициналык тейлөөнү камсыз кылууга жардам берет.
Бишкекте №5 кесиптик лицейдин базасында Билим берүү жана илим министрлигинин алдында валидациялоо жана сертификат берүү борбору ачылды. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы кабарлады.Ага ылайык, аталган борбор эч кандай билим албай туруп кесипти өз алдынча өздөштүрүп алган адамдардын адистигин тастыктап, аларга сертификат берет. Ошондой эле эмгек рыногунда орун табууга мүмкүнчүлүк түзмөкчү. Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева Кыргызстанда ачылып жаткан ишканаларга бир гана сертификаты бар жумушчулар кабыл алынарын, министрликтер менен бул боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын белгилеген. Аталган программаны ишке ашырууга Азия өнүктүрүү банкы көмөктөшкөн.
Кыргызстанда 2030-жылга ички дүң продукцияны 30 млрд долларга жеткирүү мерчемделүүдө. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев билдирген. Анын айтымында, бүгүнкү күндө бир ишкер үч пенсионерди багып жатат, ошондуктан ишкерлерди көбөйтүү керек. "Бир ишкер бир пенсионерди бага тургандай болушу шарт. Ал үчүн ишкерлерди колдоп, орто, чакан кайра иштетүүчү өнөр жайларын көбөйтүп, аймактардын социалдык-экономикалык потенциалын арттыруу милдет. Алдыда 2030-жылга ички дүң продукцияны 30 млрд доллар жеткирүүнү мерчемдеп жатабыз. Ал ийгиликке сиздердин аракетиңиздер менен бирге жетебиз", - деди ал. Белгилей кетсек, Айыл чарба министрлиги менен "Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду" тарабынан "Кыргызиндустрия" ААКтын базасында Демонстрациялык борбор ачылып, ишкерлерге, фермерлерге, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына аймактарда чакан жана орто өндүрүштөрдү ачуу, продукцияларды кайра иштетүү жана чыгаруу боюнча бизнес долбоорлордун ийгиликтүү мисалдары көрсөтүлүп жатат.
Кыргыз футбол биримдигинин биринчи вице-президенти Нурдин Букуев "Мурас Юнайтед" футбол клубунун өкүлдөрүнө Кыргызстандын кубогун жеңгендиги үчүн 30 миң доллар өлчөмүндөгү сыйлык сертификатын тапшырды. Сертификатты клубдун президенти Айбек Алыбаев кабыл алды. Быйыл Кыргыз футбол биримдигинин аткаруу комитети тарабынан футболдук мелдештерге атайын байге фонду бекитилген. Премьер-лиганын жеңүүчүсүнө - чемпионго 50 миң доллар, Кыргызстандын кубогунун жеңүүчүсүнө 30 миң доллар, Суперкубоктун жеңүүчүсүнө 20 миң доллар ыйгарылат. Мынд