Радио

Жусумамбетова: Tunduk тиркемесинде жаңы кызматтар ишке кирет

"Түндүк" мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары Рахат Жусумамбетова мекеменин электрондук порталына жаңы кызматтарды киргизүү үчүн активдүү иштер жүргүзүлүп жатканын айтты.
Sputnik
Бүгүнкү күндө Tunduk тиркемесин 2,5 миллиондон ашык адам көчүрүп алды. Анын 1 миллион 800 миңи — активдүү колдонуучу. Бул тууралуу Рахат Жусумамбетова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, тиркемеде жалпы 60тан ашуун кызмат жеткиликтүү.
"Электрондук портал аркылуу жарандын катталгандыгы, үй-бүлөнүн курамы жана соттолбогондугу тууралуу маалым катты көп алышууда. Аны акысыз жети күндүн ичинде, зарыл болгондо акча төлөп үч саатта алса болот. Учурда мекеменин электрондук порталына жаңы кызматтарды киргизүү үчүн активдүү иштер жүргүзүлүп жатат. Жакында эле балдарга тиешелүү жаңы эки кызмат ишке кирди. Эми тиркемеде баланын катталгандыгы (катталган жери, прописка) жана балдар үчүн мүлккө ээлик кылуу/ээлебөө тууралуу маалым катты онлайн-тартипте алуу мүмкүн. Жакында дагы жаңы кызматтар кошулат. Паспорттун мөөнөтү бүтүп калган учурда жаңысын алуу үчүн тиркемеден эле арыз жазып жөнөтүп коесуз. Даяр болгондо Калкты тейлөө борборунан алып кетесиз же жеткирип берүү кызматы бар. Ошондой эле никени онлайн-каттоо же бузуу иштери жүргүзүлмөкчү. Жубайлар эки жакта болсо тиркеме аркылуу өтүнмө жөнөтүп, макулдуктарын бере алат. Арыз берүүгө жана аны алууга эки жолу барып, убара болбойт", — деди Жусумамбетова.
Ал ошондой эле Tunduk тиркемесиндеги маалыматтар мамлекеттик органдардын базасында сакталарын, тиркемеде мурда алган гана маалым каттар болорун кошумчалады.