Ысык-Көлдөгү 5 млн. долларга бааланган эс алуу жайы мамлекетке кайтарылды. Видео

Ысык-Көлдөгү 5 млн. долларга бааланган эс алуу жайы мамлекетке кайтарылды
Sputnik
БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Ысык-Көлдөгү 5 миллион долларга бааланган "Лагуна сити" эс алуу борбору мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, кылмыш жолу менен алынган кирешелерди адалдоо фактысы, ошондой эле Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун ишин каржылоо боюнча катталган кылмыш ишинин материалдарынын негизинде ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.
Натыйжада эс алуу борборунун бир бөлүгү, тагыраагы, коттедждер, мончо, сауна, кафе, ресторан жана адиминистративдик имараттар мамлекеттин балансына өттү.
Чүйдөгү 650 млн. сомдук Кайыңды нан кабыл алуу пункту мамлекетке кайтарылды
Чүйдөгү 650 млн. сомдук "Кайыңды нан кабыл алуу пункту" мамлекетке кайтарылды