Радио

Токтосунова: үйгө каттоого туруу онлайн-форматта жеткиликтүү болот

Санариптик өнүктүрүү министрлигинин бизнес-процесстерди автоматташтыруу жана оптималдаштыруу секторунун башчысы Айжан Токтосунова кайсы кызматтарды үйдөн чыкпай онлайн алса болорун тизмектеди.
Sputnik
Учурда паспортту үйдө отуруп алып эле алса болот. Бул кызмат мөөнөтү бүтүп же башка себептер менен паспортун жаңылап жаткандарга жеткиликтүү. Биринчи ирет өздүк документ алууда Калкты тейлөө борборуна кайрылуу кажет. Бул тууралуу Айжан Токтосунова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, баланын туулгандыгы тууралуу документин да аралыктан алуу мүмкүнчүлүктөрү каралууда.

"Бала төрөлгөндө дароо идентификация берип, каттоо ишке киргенден тартып биз бул кызматты дагы да жеңилдетүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Эми жарандар мобилдик тиркемелери же ушул функциясы бар электрондук капчыктары аркылуу деле баланын күбөлүгүн толтуруп, ала алышат. Ымыркай төрөлгөндө ал дароо каттоого алынып жарандын номерине катталганы тууралуу билдирүү келет. Жаран үйдөн чыкпай эле тиркеме аркылуу билдирүүнү толтуруп, баласына күбөлүк алса болот. Жеткирип берүү кызматы да каралат. Алдыда үйгө каттоого турууну да ушундай эле онлайн-форматка өткөрөлү деп аракеттенүүдөбүз. Каттоодон чыгуу же туруу үчүн мурда катталган жерине барып убара болбой эле өз алдынча онлайн жүргүзө ала турган болуп калат. Бул кызмат эки ай аралыгында кыргызстандыктарга жеткиликтүү болот", — деди Токтосунова.

Ал өлкөдө тиркемелерди иштетүү жакшы өнүккөнүн, көп мамлекеттерде мындай кадамдар ишке ашпай келерин кошумчалады.