Садыр Жапаров менен биринчи айымды Рим кантип тосуп алды. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров расмий сапар менен Рим шаарына (Италия Республикасы) барды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Президент менен биринчи айым Айгүл Жапарованы Италиянын Тышкы иштер министрлигинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси Кристиано Маджипинто, "Алга, Италия" партиясынан сенатор Франческо Сильвестро, Ватикан тараптан - Ыйык Тактынын архиепискобу Франческо Каналини, Ыйык Тактынын протоколунун жетекчиси Хавьер Фернандаз Гонзалез жана башка расмий адамдар тосуп алышты.
1 / 2

Президент Садыр Жапаров расмий сапар менен Рим шаарына (Италия Республикасы) барды

2 / 2

Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди

Расмий сапардын алкагында Садыр Жапаров Италиянын президенти Серджо Маттарелла, министрлер кеңешинин төрагасы Джорджей Мелони, депутаттар палатасынын төрагасы Лоренцо Фонтана жана Италия Сенатынын төрагасы Иньяцио Ла Русса менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Мындан тышкары, Садыр Жапаров Рим папасы Франциск менен да жолугушат.
Садыр Жапаров расмий сапар менен Италияга аттанды. Кимдер коштоп кетти