Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

АКШда Путиндин тактикасына баа беришти

Май айында РФ лидери атайын аскердик операция тууралуу айтып жатып, акыры бардыгы өз ордуна келерин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Президент Владимир Путиндин токтоолугу жана кылдаттыгы Россияга Украинада бир топ ийгиликке жетишүүгө мүмкүнчүлүк берди. Бул тууралуу Пентагондун мурунку кеңешчиси Дуглас Макгрегор Deep Dive YouTube каналына маек куруп жатып айтканын РИА Новости жазды.
"Менимче, Путин башынан эле өтө сабырдуу, абайлап кадам таштайт, азыр бул сапаттары Украинада абдан пайдалуу болду", — деген ал.
Макгрегордун айтымында, Батыштан үзгүлтүксүз курал-жарак алып жатканына карабастан Украина Куралдуу күчтөрү Россиянын бир дагы багыттагы жүрүшүн токтото алган жок.
"Украина жок болуп баратат", — деп сөзүн жыйынтыктаган отставкадагы полковник.
Май айында РФ лидери атайын аскердик операция тууралуу айтып жатып, акыры бардыгы өз ордуна келерин белгилеген.
Ушу тапта россиялык армия Донбасста алдыны көздөй жылып баратат. Коопсуздук кеңештин катчысы Сергей Шойгунун айтымында, август айы менен сентябрдын алгачкы аптасында аймактын миңге чукул чарчы чакырымы бошотулган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"Улам тездеп бара жатат". Батыш Россиянын кадамдарынан чочулай баштады