Өспүрүм Porter менен качып оодарылган окуя боюнча Жол милициясы үн катты. Видео

Кырсык тууралуу окуяга күбө болгондор мурдараак видео тараткан.
Sputnik
БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Москва районунун Петровка айылында (Чүй облусу) Жол милициясынан качам деп Hyundai Porter менен оодарылып кеткен өспүрүм кантип кырсыктаганы боюнча ЖКККББ үн катты.
Кырсык тууралуу окуяга күбө болгондор мурдараак видео тараткан.
Милициядан Hyundai Porter автоунаасын айдоочулук күбөлүгү жок 16 жаштагы өспүрүм башкарып баратканын айтышты. Бала автоунаа менен дүкөнгө барып келе жатканда жол кайгуулчулардын көзүнө илинген. Бирок окуучу алардын токтотуу аракетине баш ийбей качкан.
Күбөлөр инспекторлор аны айылдын ичи менен кууп, бала рулду башкара албай оодарылып калганда ага жардам бербей кетишкенин айтышкан.
ЖКККББдан кызматтык иликтөө башталып, иш жетекчиликтин көзөмөлүндө экенин айтышты.
Балага автоунааны айдаганга ким уруксат бергени такталып жатканын кошумчалашты.
Бишкекте бетон аралаштыргыч машина менен кагышкан скутерчи мүрт кетти. Видео