Нарындагы эт комбинаттын төрт гектар жери жана имараты шаар менчигине кайтарылды. Сүрөт

Мамлекетке кайтарылган аймакта жергиликтүү бийлик эки завод курууга ниет кылып жатканын айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Мурдагы "Нарын эт комбинаты" ишканасынын 114 миллион сомдон ашык төрт гектар жери аталган шаарга кайтарылды. Бул туурасында УКМКдан кабарлашты.
"1999 жана 2000-жылдары "Нарын эт комбинаты" мамлекеттик акционердик коомунун кыймылсыз объектилери Б.И.Б жараны тарабынан өлкөнүн мыйзамдарынын талаптарын бузуу жана төмөндөтүлгөн баалар менен менчикке чыгарылгандыгы аныкталган. 2002-жылы Нарын шаардык башкармалыгы тарабынан Б.И.Б. аттуу адамга Нарын эт комбинатынын жер участогуна ээлик кылуу укугу бекитилген", — деп айтышты менчиктештирүүнүн төркүнү тууралуу аталган комитеттен.
Эт комбинат жана ага караган жердин жалпы наркы 114 миллион 500 миң сомдун тегерегинде деп бааланган. Буга ичинде жайгашкан имараттары кошо кирген.
Мамлекетке кайтарылган аймакта жергиликтүү бийлик эки өнөр жай ишканасын (завод) куруу боюнча долбоорлорду пландаштырып жатканын маалымдашты.
Ысык-Көлдөгү 5 млн. долларга бааланган эс алуу жайы мамлекетке кайтарылды. Видео