Жерде күчтүү магниттик бороондор башталат

Sputnik
БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Жердин жашоочулары күчтүү жана узакка созулган магниттик бороондорго туш болушат. Бул тууралуу Фобос аба ырайы борборунун жетектөөчү адиси Михаил Леус билдирди.
Анын айтымында, бүгүн, 3-октябрда, кечке жуук G1 классындагы алсыз магниттик бороон башталат. Ал эми жума күнү Жердин магнитосферасындагы бузулуулардын интенсивдүүлүгү жогорулайт жана магниттик бороон G3 деңгээлине чейин күчөйт. Андан кийин магниттик бороон ишембиде кечке чейин созулат.
Адис шейшемби күнү Күндө жаңы активдүүлүк мезгили башталганын эске салды.
Магниттик бороон башты оорутуп, кан басымды көтөрүп, муундарды же белди оорутушу мүмкүн. Ошондой эле энергетикалык системалардын, кыска толкундуу байланыштардын, навигациялык системалардын ишин үзгүлтүккө учуратышы ыктымал.
3-октябрга карата аба ырайы