Легендалуу Ту-154 учагы жана анын таржымалы. Видео

3-октябрь 1968-жылы "советтик асмандын кожоюну" – Ту-154 жүргүнчү учагы биринчи ирет асманга көтөрүлгөн.
Sputnik
СССРдин эң көп чыгарылган, эң кооз авиалайнери тууралуу кызыктуу маалыматтар арбын.
Аба кемесин түзүү иштери 1960-жылдары башталып, долбоорду легендалуу авиаконструктор Андрей Туполев башкарган. 1970-жылдан 2013-жылга чейин 1 026 учак чыгарылып, Азияга, Африкага жана Жакынкы Чыгышка сатылган. Бул Ту-154тү СССРдин, андан кийин Россиядагы эң көп жасалган жүргүнчү самолету кылды.
Ту-154ЛЛ долбоору "Буран" космостук кемеси үчүн борттук электрониканы түзүүгө пайдаланылган. Мындан сырткары, керосинден башка суюк газ (алгач суутек, андан кийин метан) менен учкан Ту-155 жана Ту-156нын "учуучу лабораториялары" да болгон. Бирок 1990-жылдары бул идеялар калып калган.
Өзүнүн тарыхында Ту-154 1,5 миллиард жүргүнчүнү ташыган. Акыркы жолу ал 2020-жылдын 28-октябрында каттамды аткарган, андан соң убактылуу батыштык "кесиптештерине" орун бошоткон.
Атактуу Ту-154 учактары дагы деле Россиянын Коргоону министрлигинин жана Кытайдын элдик-боштондук армияларында, Түндүк Кореяда кызмат кылып келет. Анын ордуна жакында заманбап МС-21 авиалайнеринин келиши күтүлүүдө, бул учакта Россиянын эң алдыңкы технологиялары колдонулган.