Кара-Сууда кайнатасын өлтүрдү делген келин кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Кара-Сууда (Ош) 27 жаштагы аял кайнатасын учтуу нерсе менен артынан бир нече жолу сайып өлтүргөн. Бул тууралуу райондук милиция билдирди.
Маалыматка караганда, келин милицияга өзү келип күнөөсүн моюндаган.

"С.Р. аттуу аял милицияга кайрылып, 1-сентябрга караган түнү үйүндө бирге жашаган 64 жаштагы кайнатасы менен уруша кетип, аны учтуу нерсе менен сайып өлтүрүп алганын билдирди. Факт каттоого алынып, тергөө иштери башталган", — деп айтылат маалыматта.

Ишенимдүү маалымат булактар кайнатасы келинин ойношу менен кармап алганын билдирди. Келин менен 27 жаштагы киши убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Балыкчыда белгисиз киши 7 жаштагы баланы моюнга сайып кеткен