Израилдин Гутерришти нон грата адамы дегени көптөрдүн нааразылыгын жаратты

Израилдин чектен чыккан кезектеги кадамын алар менен союздаш болуп жүргөн АКШнын расмий өкүлдөрү да айыптай тургандыгын айтышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Израилдин БУУнун баш катчысы Антониу Гутерришти нон-грата адамы дегени — уятсыз чечим жана Бириккен Улуттар Уюмунун атына доо кетиргендик. Россия жанды кашайткан бул кадамга реакция кылууга чакырат. РИА Новости мындай билдирүүнү РФтин БУУдагы өкүлү Василий Небензя жасаганын жазды.
"БУУнун баш катчысын Израилде persona non grata деп жарыялашканы — шумдуктуу жана өтө орой чечим. Бул Бириккен Улуттар Уюмуна эле эмес, баарыбызга сокку болду. Кеңешке жана БУУга мүчө өлкөлөрдү жан кашайткан мындай нерсеге реакция кылууга чакырам. Дагы бир ирет кайталап кетейин, бул нерселерди чечүү үчүн бизде, кеңеште, жасай турган жолдор бар. Бул жерде маселе саясий эркибизде турат. Бизде ал бар. Силердечи? Бардыгын буга жоопту эртерээк берүүгө чакырабыз", — деген Небензя БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында.
Израилдин мындай чектен чыккан кезектеги кадамын алар менен союздаш болуп жүргөн АКШнын расмий өкүлдөрү да айыптай тургандыгын билдиришкен. Бул туурасында Мамлекеттик департаменттин расмий өкүлү Мэттью Миллер айткан.
"Мындай кадам майнаптуу болот деп эсептебейбиз", — деген ал брифинг учурунда Израилдин Гутерришке карата айткандарына комментарий берип жатып.
2024-жылдын 2-октябрында Израилдин тышкы иштер министри Исраэль Кац БУУнун баш катчысы Антониу Гутерришти нон-грата адамы деп жарыялап, "Израиль жерин буту баспайт, ага татыбайт" дегени боюнча маалыматтар тарады.
Тель-Авив мындай чечимди Ирандын Израилдин аймагына жасаган ракеталык чабуулуна Гутерриштин реакциясынан кийин кабыл алганын айткан.
Кац баш катчынын жүрүм-туруму согуш башталгандан бери ХАМАС жана "Хезболла" сыяктуу террордук уюмдарды колдогонун көрсөтүп жатат деген.
Ал эми БУУнун башкы катчысы Ирандын Израилге чабуулун айыптаганын айтты.
"Мен Ирандын Израилди жапырт аткылагандыгын айыптайм. Бул Палестина элинин азабын жеңилдете албайт жана алардын маселесин чечип бербейт", — деген ал Жакынкы Чыгыш боюнча Коопсуздук кеңештин жыйыны өтүп жатканда.
Кыргызстан ТИМи Жакынкы Чыгыштагы согушкан тараптарды ынтымакка чакырды