ЖМК: израилдик учактар Бейруттун борборуна биринчи жолу чабуул жасады

Sputnik
БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Израилдин учактары биринчи жолу Бейруттун борбордук району болуп саналган Башурага сокку урганын окуянын күбөсү РИА Новостиге билдирди.
"Мага коңшу жайгашкан Башура көчөсүндө катуу жардыруу болду. Мындан парламентке чейин беш эле мүнөттүк жол. Ракеталар үйлөргө сокку урду", — деди агенттиктин маектеши.
Ливандын Саламаттык сактоо министрлигинин чукул кырдаал борборунун маалыматына караганда, соккудан алты адам каза болуп, дагы жети киши жаракат алган.
Шаршемби күнү кечинде Израилдин Коргоо күчтөрү (ЦАХАЛ) Бейрутка таамай сокку урганын билдирген. Анын кесепетинен беш киши набыт болгон. РИАнын кабарчысы мындан кийин дагы жарым саат аралыгында сегизге жакын жарылуу угулганын билдирген.
Ушу тапта Израиль бир эле учурда бир нече аскердик кагылышууга катышып жатат. 2-октябрга караган түнү Израиль армиясы Ливанда кургактагы операциясын баштаган. Анын негизги максаты бир жыл мурда "Хезболла" баштаган аткылоодон улам эвакуацияланган түндүктүн 60 миң тургунунун кайтып келишине шарт түзүү болгону айтылган.
Кечээ Ирандын БУУдагы миссиясы уюмдун Коопсуздук кеңешине Израилдин Ливан, Газа жана Сирияга каршы агрессиясын, согуш кылмыштарын токтотууга жана масштабдуу аймактык согуштун жаралышына жол бербөөгө чакырды.
Өткөн аптада болсо Израилдин куралдуу күчтөрү Ливандагы "Хезболла" кыймылынын жогорку даражалуу командирлерин Бейрутта бир нече бутага алган аба соккулары аркылуу жок кылган.
Кыргызстан ТИМи Жакынкы Чыгыштагы согушкан тараптарды ынтымакка чакырды