Бишкекте адистигин тастыктап, сертификат берген борбор ачылды

Аталган борбор эч кандай билим албай туруп кесипти өз алдынча өздөштүрүп алган адамдардын адистигин тастыктап, аларга сертификат берет.
Sputnik
БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Бишкекте №5 кесиптик лицейдин базасында Билим берүү жана илим министрлигинин алдында валидациялоо жана сертификат берүү борбору ачылды. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы кабарлады.
1 / 4

Бишкекте №5 кесиптик лицейдин базасында Билим берүү жана илим министрлигинин алдында валидациялоо жана сертификат берүү борбору ачылды

2 / 4

Ага ылайык, аталган борбор эч кандай билим албай туруп кесипти өз алдынча өздөштүрүп алган адамдардын адистигин тастыктап, аларга сертификат берет

3 / 4

Ошондой эле эмгек рыногунда орун табууга мүмкүнчүлүк түзмөкчү

4 / 4

Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева Кыргызстанда ачылып жаткан ишканаларга бир гана сертификаты бар жумушчулар кабыл алынарын, министрликтер менен бул боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын белгилеген

Ага ылайык, аталган борбор эч кандай билим албай туруп кесипти өз алдынча өздөштүрүп алган адамдардын адистигин тастыктап, аларга сертификат берет. Ошондой эле эмгек рыногунда орун табууга мүмкүнчүлүк түзмөкчү.
Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева Кыргызстанда ачылып жаткан ишканаларга бир гана сертификаты бар жумушчулар кабыл алынарын, министрликтер менен бул боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын белгилеген.
Аталган программаны ишке ашырууга Азия өнүктүрүү банкы көмөктөшкөн.
Эмгек министрлиги жумуш орду бар тармактарды тизмектеди