Бишкекте жашы жете элек кыздарды сойкулукка мажбурлашкан. Шектүүлөр кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Бишкекте жашы жете элек кыздарды кыйнап, коркутуп, сойкулукка мажбурлаган деп эки аял кармалды. Бул тууралуу ШИИББ билдирди.
24-сентябрда милицияга Абдымомунов көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде белгисиз адамдар жашы жете элек кыздарды кыйнап, сексуалдык кызмат көрсөтүүгө мажбурлап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
"Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Сойкулукка тартуу" беренеси менен кылмыш иши козголду. Анын алкагында 19 жаштагы А.А. жана 29 жаштагы Х.Ж. кармалды", — деп айтылат маалыматта.
Экөө тең убактылуу кармоочу жайга киргизилип, кылмыш ишин тергөө уланууда.
Вебкам-студия иштеткен Даниэл Ажиев 9 жылга кесилди