Радио

Расул Абазбек уулу: онлайн-курстардын иши жөнгө салынат

Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу онлайн билим берүүнү иретке келтирген жобо даярдалып жатканын айтты.
Sputnik
Билим берүү тармагындагы онлайн-платформалар — учурдун талабы, мезгилдин чакырыгы. Бул тууралуу Расул Абазбек уулу Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында онлайн окуу мекемесин ачкысы келгендерге атайын мүмкүнчүлүктөр түзүлүп жатат.
"Онлайн-платформалардын орду тууралуу айтсак, бүгүнкү күндө аябай актуалдуу, учурдун чакырыгы. Бул багытта бизде активдүү аракеттер жүрүп жатат. Кенен токтоло турган болсом, азыр онлайн билим берүү мекемелери жөнүндө токтом даярдалып жатат. Анткени онлайн-курстар болгону менен алардын ишин жөнгө салган кандайдыр бир жобо жок. Онлайн окуу мекемесин ачкысы келгендерге дагы мүмкүнчүлүк түзүшүбүз керек. Анда курстар эмнени камтып, кандай шарт түзүлүшү керектиги так көрсөтүлөт. Ошондой эле Билим берүү министрлиги "Электрондук мектеп" деген платформа түзүлүшү керек деп жобо иштеп чыкты. Ал миграцияда жүргөн же ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген мекендештерибизге жакшы шарт түзөт. Программаны мектепке барбай туруп толук окууга мүмкүнчүлүк берет. Ал жерде сабактар видео түрүндө даярдалат, кайтарым байланышы бар, тапшырмалар камтылган толук кандуу атайын платформа", — деди Абазбек уулу.
Ошондой эле ал өлкөдөгү бардык кесиптик окуу жайлар жана кыска мөөнөттүк курстар тууралуу кеңири маалыматтар камтылган онлайн-платформа жасалып ишке киргенин дагы кошумчалады.