Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

"Улам тездеп бара жатат". Батыш Россиянын кадамдарынан чочулай баштады

Маалыматка ылайык, эки айдын ичинде Россиянын Куралдуу күчтөрү 823 чарчы чакырым жерди бошоткон.
Sputnik
БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Россиянын жаңы тактикасынан улам алар акыркы эки жыл ичинде атайын операциянын аймагында болуп көрбөгөндөй ылдамдыкта алдыга жылып жатышат. Бул туурасында The Washington Post басылмасы жазганын РИА Новости билдирди.
"Россиянын аскерлери август жана сентябрь айларында 2022-жылдан бери болуп көрбөгөндөй ылдамдыкта аймактарды ээлешти," — деп билдирди фин серепчиси Паси Паройнендин айтканына таянган басылма.
Маалыматка ылайык, бул эки айдын ичинде Россиянын Куралдуу күчтөрү 823 чарчы чакырым жерди бошоткон, алардын 694ү Артемовск менен Угледар ортосундагы аймакка туура келет.
Макалада россиялык аскерлер натыйжалуу тактикаларды колдонуп жатканы айтылган. Маселен, чакан топтор (бөлүктөр) менен камалап келип, чабуул жасаган ыкмалар болгон. Аз сан менен сокку уруу каршылаштарга байкалып калуу мүмкүнчүлүгүн азайтып, экинчи тараптын жооп кылганга буямасын келтирбегени белгиленген.
Украин аскерлери өзүнчө кээ бир жерлерде жеңишке жеткенине карабастан, туруштук берүүдө кыйналышканы, бул өзгөчө Угледар сыяктуу жерлерде байкалып жатканы айтылган.
Макалада белгиленгендей, россиялык аскерлердин согуш талаасындагы байланыш деңгээлинин жогорулаганы алардын чабуулдарды жөндөөсүн жакшырткан.
Украин аскерлери Россиянын жетиштүү ресурстары бар экенин, ал эми Батыштан келген жардам курал-жарактын жетишсиздигин толуктай албай жатканын айтышкан.
Шаршемби күнү ДЭР башчысынын кеңешчиси Ян Гагин РИА Новостиге Угледардын администрациясы Россиянын желегин орноткондугун, бирок шаарды бошотуу туурасында айтуу эртелик кыларын билдирген.
Мурунку күнү ДЭР башчысынын дагы бир кеңешчиси Игорь Кимаковский Угледарды бошотууга саналуу күндөр калганын, каршылашкан тарап курчоодо калганын билдирген. Өткөн аптада ал ошондой эле россиялык аскерлер үч тараптан Селидового жакындап, шаарга алып барган бардык жолдорду көзөмөлгө алууга аракет кылып жатканын айткан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Небензя: украин армиясы кыйроо алдында турат