Балыкчыда белгисиз киши 7 жаштагы баланы моюнга сайып кеткен

Sputnik
БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Балыкчыда белгисиз адам 7 жашар баланын мойнуна учтуу нерсе менен сайып кеткен. Бул тууралуу шаардык ИИБ билдирди.
Окуя кечээ, 2-октябрда, күндүз бала ойноп жүргөн маалда болгон. Ал ооруканага жеткирилди.
Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, Балыкчы шаарынын милициясы тийиштүү тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүүдө.
Бишкекте жашы жете элек кыздарды сойкулукка мажбурлашкан. Шектүүлөр кармалды