УКМК: Араванда 3,2 млрд. сомдук заводдун жери менчикке өтүп кеткен

Sputnik
БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Араван районунда 11,14 гектар жер тилке жана мүлк комплекси мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
1 / 3

Араван районунда 11,14 гектар жер тилке жана мүлк комплекси мамлекеттин балансына кайтарылды

2 / 3

Жер көптөн бери иштебей турган "Ак-Була Араван пахта заводу" ААКсына тиешелүү болгон

3 / 3

Жер тилкеси соода аянтчасы катары колдонулган. Баалоо иштеринин жыйынтыгы боюнча баасы 3 миллиард 217 миллион сомду түздү.

Жер көптөн бери иштебей турган "Ак-Була Араван пахта заводу" ААКсына тиешелүү болгон.

"Жер тилке соода аянтчасы катары колдонулган. Баалоо иштеринин жыйынтыгы боюнча баасы 3 миллиард 217 миллион сомду түздү. 1997-жылы Араван районунун айрым аткаминерлери пахта заводун мыйзамсыз түрдө чет элдик жаранга жеке менчикке өткөрүп беришкен", — деди УКМКдан.

Нарындагы эт комбинаттын төрт гектар жери жана имараты шаар менчигине кайтарылды. Сүрөт