4-октябрга карата аба ырайы

Эртең, 4-октябрга караган түнү республиканын көпчүлүк аймактарында жаан, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Жума күнү күндүз өлкөнүн айрым жерлеринде жаан-чачын жаайт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй аймагында +21…+26, Таласта +20…+25, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +24…+29, Ысык-Көл өрөөнүндө +15...+20, Нарын жергесинде +14…+19 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +24…+26, Ош шаарында +26…+28 градуска чейин көтөрүлөт.
Диетолог арыктоону каалаган жашы 40тан жогорку курактагы адамдарга кеңеш берди