Кыргызстанда кинону бизнес катары карасак болобу?

Sputnik
Бул ирет «Стоп кадр» уктуруусунда конокто “Этномедиа” онлайн кинотеатрынын коммерциялык директору Асель Умарова болду. Ал Кыргызстандын жагдайында кинону канчалык деңгээлде бизнеске айландырса болорун айтып берди. Анын айтымында, соңку жылдардагы эң кассалуу фильмдер “Аяш” жана “Бейиш эненин таманында” тасмалары болду.
Мындан тышкары, “Этномедиа” платформасынан да кинолору көп көрүлгөн, же сатылган тасмалардын режиссерлору ай сайын айлык сыяктуу акча таба берерин кошумчалады. Ошол эле маалда ал фильм жаратып, “банкрот” болгон киночулар да бар экенин айтты.