Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Sputnik
Рим шаарында бүгүн, 3-октябрда, мамлекет башчы Садыр Жапаров менен Италиянын президенти Серджо Маттарелланын расмий жолугушуу аземи болуп өттү. Квиринале Сарайында Садыр Жапаров менен биринчи айым Айгүл Жапарованы Италиянын президенти Серджо Маттарелла жана анын кызы Лаура Маттарелла тосуп алды. Садыр Жапаровдун келишинин урматына Кыргыз Республикасынын желеги салтанаттуу көтөрүлдү. Оркестр эки өлкөнүн мамлекеттик гимндерин аткарып, Ардак кароолдун башчысы салам рапортун берди. Андан соң Сарайда эки өлкөнүн мамлекеттик желектеринин фонунда сүрөткө түшүү аземи жана делегацияларды тааныштыруу болду. Расмий жолугушуу аземи аяктагандан кийин Садыр Жапаров менен Серджо Маттарелла сүйлөшүүлөргө өтүштү.
Кыргызстанда Азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу илим-изилдөө институту түзүлдү. Бул тууралуу айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев билдиргенин өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Анын айтымында, мекеме билимдин жана инновациянын борборуна айланат. "Бүгүн биз институттун курамын жана кызмат ордун бекитебиз. Ал биздин агроөнөр жай жаатындагы саясатыбыздын өнүгүшүнүн жаңы этабы болуп каларына ишенем. Кыргызстандын ар бир жараны сапаттуу жана коопсуз тамак-ашка жетүүсү үчүн баарыбыз биргеликте аракет кылышыбыз керек. Бул биздин жалпы милдетибиз. Институтту түзүү агрономия жана ветеринария тармагында илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө гана эмес, айыл чарба продукциясын өндүрүү жана кайра иштетүү технологияларын өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгууга мүмкүндүк берет", — деди Төрөбаев. Азык-түлүк коопсуздугу жаатындагы алдыңкы дүйнөлүк тажрыйбаны киргизүү үчүн эл аралык уюмдар жана илимий мекемелер менен активдүү кызматташуу пландалып жатканы белгиленди.
Балыкчыда белгисиз адам 7 жашар баланын мойнуна учтуу нерсе менен сайып кеткен. Бул тууралуу шаардык ИИБ билдирди. Окуя кечээ, 2-октябрда, күндүз бала ойноп жүргөн маалда болгон. Ал ооруканага жеткирилди. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, Балыкчы шаарынын милициясы тийиштүү тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүүдө.
Бишкектеги Улуттук тарых музейинде "Лейлек килемдери – 2024" аттуу фестиваль-жарманкесинин ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Ага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият министринин орун басары Гүлбара Абдыкалыкова жана Жогорку Кеңештин бир нече депутаттары, маданият жана искусство кызматкерлери катышты. Фестиваль-жарманкенин негизги максаты – кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын, маданий мурастарын сактоо жана жайылтуу, элдик салттуу кол өнөрчүлүктү жандандыруу жана өнүктүрүү, аймактар ортосундагы маданий-экономикалык байланыштарын чыңдоо жана бекемдөө, жаш чеберлерди көркөм улуттук кол өнөрчүлүктүн салтын сактоого, иликтөөгө жана өнүктүрүүсүнө кызыктыруу болуп саналат. Иш-чара 13-октябрга чейин уланат.