Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Sputnik
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2024-2028-жылдарга санариптештирүү боюнча иш-чаралардын планын ишке ашыруу боюнча жыйын өткөрдү. Жыйында минкаб башчысы санариптештирүү кызмат көрсөтүүлөрдүн натыйжалуулугун, ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле жарандардын жашоо сапатын жакшыртуу максатында коомдун, бизнестин жана мамлекеттик башкаруунун турмушунун ар кандай чөйрөлөрүнө санариптик технологияларды киргизүү жана өнүктүрүү боюнча артыкчылыктуу процесс болуп саналарын белгиледи. Ошондой эле Акылбек Жапаров өлкөдө санариптик жараяндарды тездетүү үчүн санариптик өнүктүрүү боюнча атайын министрлердин орун басарлары түзүлгөнүн, бирок жылыш дагы деле жай болуп жатканын айтты. Минкаб башчысы 2024-2028-жылдарга санариптик трансформация концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планындагы ушул жылы аткарылууга тийиш болгон 49 иш-чаранын 3 гана иш-чарасы аткарылганын, калгандары аткаруу стадиясында болуп жатканын сынга алды. Жыйында сонунда Министрлер кабинетинин төрагасы бардык мамлекеттик органдарга, анын ичинен министрликтерге санариптик трасформацияга катуу көңүл буруу боюнча тапшырмаларды коюп, тиешелүү деңгээлде ишти алып бара албай жаткан жетекчилерге чара көрүлөөрүн эскертти.
Бишкекте дагы бир "Эл Аман" мамлекеттик дарыканасы ачылды. Иш-чарага саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев катышты. Ведомстводон маалымдашкандай, бул Бишкек шаарындагы саламаттык сактоо уюмдарынын базасында ачылган 19-мамлекеттик дарыкана, учурда республика боюнча 88 дарыкана иштейт. Дарыкана пункттарындагы ассортимент дарыкана пункттары жайгашкан саламаттык сактоо уюмунун өзгөчөлүгүнө, сатуунун деңгээлине жана саламаттыкты сактоо уюмдарына жараша 2500дөн ашык фармацевтикалык продукцияны түзөт. "Эл Аман" мамлекеттик дарыканаларында чекене баалар өлкөдөгү жеке дарыканаларга караганда орто эсеп менен 10-20%га төмөн. Ошондой эле Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жеңилдетилген рецепттери менен дары-дармектер “Эл Аман” дарыканалары аркылуу рецептке жана бейтаптын оорусуна жараша 50%дан 100%га чейин арзандатуу менен сатылат.
Араван районунда 11,14 гектар жер тилке жана мүлк комплекси мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.Маалыматка ылайык, жер көптөн бери иштебей турган "Ак-Була Араван пахта заводу" ачык акционердик коомуна тиешелүү болгон. Жер тилке соода аянтчасы катары колдонулган. Баалоо иштеринин жыйынтыгы боюнча баасы 3 миллиард 217 миллион сомду түздү. 1997-жылы Араван районунун айрым аткаминерлери пахта заводун мыйзамсыз түрдө чет элдик жаранга жеке менчикке өткөрүп беришкен.
Өлкөдө мал соючу жайлары жок райондорго жана шаарларга жаңы 12 мал соючу жай салынды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Ошентип, Ветеринардык кызматтын реестрине жалпы 101 мал союучу жай катталды. Анын ичинен: 10у чоң стандартагы мал союучу жай; 64у – чакан. Ал эми 27си мал союучу аянтча. Маалым болгондой, 15 мал соючу жайда ветеринардык-санитардык талаптарга жооп бербегендиги үчүн убактылуу ишмердүүлүгү токтотулган. Ошондой эле 10 мал союлуучу жай ЕАЭБдин бирдиктүү реестрине катталган.