Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Sputnik
Садыр Жапаров кайсы райондо болбосун койдун жүнү жерде жатса, ошол райондун акимин иштен алууну тапшырды. Бул тууралуу айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев "Кыргыз индустриянын" базасында чакан долбоорлорду ишке ашырууга багытталган демонстрациялык борбордун ачылышында билдирди. Ал чакан, жүндү кайра иштетүүчү айыл чарба өндүрүштөрүн ар бир районго ачуу зарылдыгын белгиледи. "Аймактарга ыңгайлуу болгон жүндү кайра иштетүүчү баасы 2 миллион сомго жетпеген чакан өндүрүштү көрсөттүк. Акимдерге, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктардын башчыларына ачык айтып коёюн, президент мага айтты, кайсы райондо болсун, мейли Ошто, Ат-Башыда, Түптө, Кара-Кулжа болобу, жүн жерде жатса, ошол райондун акими иштен алынат. Бул майда нерсе деп ойлобогула", — деди министр. Төрөбаев ар бир айыл өкмөтүнө баасы 120 миң сомдук станок коюп, тери көйгөйүн чечсе болорун кошумчалады.
Кыргызстанда соңку беш жылдын ичинде карылардын саны 24 пайызга, тагыраагы, 127 миң адамга көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат. 2024-жылдын жыл башына карата эмгекке жарамдуу курактан өткөн кыргызстандыктардын саны 666 миңге жеткен. Бул республикадагы калктын тогуз пайызын түзөт. Алардын ичинен 63 жаштан жогорку куракта 214 миң киши, 58 жаштан жогорку куракта 451 миң адам бар. "Карылардын басымдуу бөлүгүн аялдар түзөт. Алардын саны эркектерден 2,1 эсе көп. Бул факт аялдардын жашоо узактыгы менен түшүндүрүлөт. Статистика боюнча, өлкөдө аялдар орто эсеп менен 76,5 жашка чейин жашаса, эркектер 68,2 жашка чейин өмүр сүрөт", — деп айтылат маалыматта.
Кыргызстанда депозиттердин долларлык деңгээли төмөндөдү. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, былтыркы жылдын жыйынтыгы менен депозиттердин көлөмү 431 миллиард сомду түзсө, сегиз айдын жыйынтыгы менен, тактап айтканда августтун аягында 22,5 пайызга өсүп, 528 миллиардды түзгөн. Бул тууралуу башкы банк мындай түшүндүрмө берген: "Банк секторунун депозиттик базасын долларлаштыруу деңгээли үстүбүздөгү жылдын башына салыштырмалуу 3,2 пайызга төмөндөп, 42,4 пайызды түздү", — деп айтылат маалыматта.
НАТОнун жаңы баш катчысы Марк Рюттени Москва жакшы билет. Бул тууралуу Россиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдиргенин РИА Новости агенттиги жазды. Ал белгилегендей, Рютте Нидерланддын премьер-министри болуп турганда Россияга карата келишпес позицияны карманган. «Рутте мырза бизге жакшы тааныш, ал президент Путин менен сүйлөшүү столунда көп убакытты бирге өткөрүшкөн», - деди Песков Рюттенин НАТОнун баш катчысы болуп дайындалышы туралуу комментарий берип жатып. Песков «бир убакта жакшы, прагматикалык мамилелерди курууга үмүт бар болчу» деп белгилеп, диалог дал ушул өңүттө жүргөнүн кошумчалады. "Андан кийин Нидерланддар келишпес позицияны карманып, биздин өлкө менен кандайдыр бир байланышты болтурбоону көздөй башташканын билебиз. Ошондуктан альянстын саясатында кандайдыр бир жаңы нерсе болот деп ойлобойбуз", - деди Песков. Шейшембиде Йенс Столтенберг НАТОнун баш катчысынын ыйгарым укуктарын Рюттеге өткөрүп берди.