Кыргызстан ТИМи Жакынкы Чыгыштагы согушкан тараптарды ынтымакка чакырды

Ал жакта жүргөн кыргызстандык жарандарга коопсуздугун сактап, эл көп топтолгон жерлерге барбоо эскертилет.
Sputnik
БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Жакынкы Чыгыштагы окуяларга тынчсыздануу менен көз салууда. Бул тууралуу мекемеден маалымдалды.
Анда белгиленгендей, Бишкек жаңжалдашкан тараптарды эл аралык укуктардын негизги принциптери менен нормаларын сактоого, анын ичинде аймакта абалдын күчөшүнө алып келе турган аракеттерден карманууга чакырды.

"Кыргызстан согуштук аракеттерди тез жана толук токтотууну, саясий диалогдун башталышын жана чыр-чатактардын тынчтык жолу менен чечилүүсүн колдойт", – деп айтылат маалыматта.

ТИМ кыргызстандыктарды Израиль, Иран жана Ливанга андагы абалдын туруксуздугуна байланыштуу барбай турууга чакырды.
Ал жакта жүргөн жарандарга коопсуздугун сактап, эл көп топтолгон жерлерге барбоо эскертилет.
Ошондой эле министрлик Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө жүргөн мекендештер үчүн байланыш номерлерди жарыялады:
Кыргызстандын Кувейт Республикасындагы элчилиги: +96525359951;
Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги: +905456896800;
Кыргызстандын Иран Ислам Республикасындагы элчилиги: +9893525052264.
ТИМдин консулдук департаменти: +996999312002.
Axios порталынын билдиргенине караганда, Израиль жакынкы күндөрү Ирандын өзөктүк, мунай жана башка стратегиялык объектилерине чабуул коюшу мүмкүн. Израилдин жообу боюнча конкреттүү чечими азырынча кабыл алына элек, Тель-Авив маселени АКШ менен макулдашмакчы.
2004-жылдын 1-октябрында Иран Израилдин аймагына 200дөн 400гө чейинки ракеталар атылган. Ислам революциясынын коргоочулары ракета чабуулдары Ирандын союздашы "Хезболла" жана ХАМАСтын лидерлери Хасан Насрулло менен Исмаил Ханиянын өлүмүнө берилген жооп экендигин айтты.
Песков: Москва Жакынкы Чыгыштагы согушкан тараптарды сабырдуулукка чакырат