Захарова: Израилге жасалган чабуул — Байдендин администрациясынын ийгиликсиз иши

Расмий өкүл Ак үйдүн аймактагы кудуретсиздиги тастыкталгандыгын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. АКШнын президенти Жозеф Байдендин администрациясынын Түштүк Чыгыштагы иши толугу менен ийгиликсиз болду, Ак үйдүн билдирүүлөрү кризистерди чечүүдө эч нерсеге жарабай тургандыгын көрсөтүүдө. Бул туурасында РФтин Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Ирандын Израилге ракета чабуулу боюнча комментарий берип жатып айтты.
"Байдендин администрациясынын Түштүк Чыгыштагы толук ийгиликсиз кадамы. Кандуу драма дагы эле күч алууда. Ак үйдүн түшүнүксүз билдирүүлөрү каатчылыкты чечүүдө эч нерсеге жарабай калганын көрсөттү. Блинкендин (Энтони, мамлекеттик катчы — ред.) аракеттери миңдеген курмандыктарга жана туңгуюкка алып келди", — деди Захарова.
Буга чейин Израилдин Коргонуу армиясы (ЦАХАЛ) сиреналар Израилдин бардык аймагында жаңырып жатканын билдирген. Jerusalem Post басылмасы Иран Тель-Авивди көздөй 400 ракетасын кое бергенин жазды. Иран аны 200 деп билдирген.
2024-жылдын июль айынын соңунда Палестинанын ХАМАС кыймылынын саясий бюросунун башчысы Исмаил Хания Тегеранга жаңы президенттин ант берүү аземине келип, өзүнүн резиденциясында ракета чабуулунан каза тапкан. Бул өлүмгө Израиль жана АКШ күнөөкөр экени жана жоопсуз калбастыгы айтылган.
Израилдин өкүлдөрү Ханиянын өлүмүнө комментарий бербестигин билдиришкен. АКШнын БУУдагы өкүлүнүн орун басары Роберт Вуд Американын бул кол салууга тиешеси жоктугун айткан.
Израиль армиясы Ливандын "Хезболла" кыймылы боюнча да ыкчам согушун жүргүзүүдө. "Хезболланын" башкы катчысы Хасан Насрулла 2024-жылдын 27-сентябрында Бейруттун түштүк четиндеги Израилдин абадан жасалган чабуулунан каза тапкан. Ал киши 30 жылдан ашуун аталган уюмду жетектеп келген. Бул операция "Хезболланын" жогорку командирлери чогулган жерине багытталган.
Израиль армиясы кыймылдын миңдеген объектилерине сокку урганын кабарлаган. Байкоочулар 2006-жылдагы Экинчи Ливан согушунан бери "Хезболла" кыймылына мынчалык катуу чабуул жасалбаганын белгилешүүдө.
Израиль Ливандын түштүгүндө кургактан жасаган чабуулун баштады