Согушта жоголгон жоокерлердин жакындары алар тууралуу маалымат ала башташат. Видео

Долбоор согуш жылдарында дайынсыз жоголгон жоокерлер тууралуу маалымат табууга жардам берет.
Sputnik
Иш-чара Дайыр Асанов атындагы Улуттук аскер лицейинде өттү.

“Биз бүгүн издөө иштеринин аркасы менен табылган жоокерлер тууралуу маалыматтарды үй-бүлөсүнө берүүгө даярдыкты баштадык”, — деди долбоордун автору Григорий Скворцов.

Анын айтымында, долбоордун максаты — дайынсыз кеткен жоокерлерди издөө. Ошондой эле Улуу Ата Мекендик согуш учурунда жоголуп, Германиянын концлагерлеринде өлүү табылган кыргызстандык жоокерлер тууралуу маалымат табуу болуп саналат.