Алмага кошулган 20 миң доллар. Чекистке пара берем деп кармалган кишинин видеосу

Кармалган К.М.К. буга чейин Жаңы-Арык айыл аймагынын башчысы болуп иштеген.
Sputnik
БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. УКМК кызматкерине пара берүүгө аракет кылган Кара-Суу районунун Савай айыл аймагынын башчысы кармалды. Бул туурасында аталган комитеттин маалымат кызматынан билдиришти.
Ал УКМКнын кызматкерине алып кирген бир баштык алмага бере турган жыйырма миң доллар парасын кошо салып койгонун айтышты. Бул кылмыш жоопкерчилигинен кутулуу жана анын пайдасына оң чечим чыгаруу максатында жасалган дешти.
Кармалган К.М.К. буга чейин Жаңы-Арык айыл аймагынын башчысы болуп иштеген.
"Ошол кезде кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Жаңы-Арык айылындагы жеке турак жай куруу жана коммерциялык багыттагы жер тилкелерин сүйлөшүп койгон адамдарга мыйзамсыз жол-жоболоштурган", — деп билдиришти атайын кызматтан.
Кармалган киши аталган комитеттин тергөө абагына киргизилген.
Тоң райсотунун төрайымы пара талап кылды деген шек менен кармалды. Сүрөт