"Жар салбай эле иштеп жүрүшөт". Садыр Жапаров уулу туурасында айтты

Мамлекет башчы уулу спорттук аянтчаларды куруу менен алектенип жүргөнүн билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров уулу Рустам жана бир туугандарынын мамлекеттик иштерге аралашкан-аралашпаганы боюнча "Кабар" агенттигине берген интервьюсунда айтты.
"Рустам жана бир туугандарыбыз боюнча айта турган болсом, бир дагы бир тууганыбызды мамлекеттик иштерге аралаштырган жокпуз жана аралаштырбайбыз. Мен аларга мамлекет менен иш кылбагыла деп дайыма айтып келем. Биз өткөндөн сабак алышыбыз керек", — деген Жапаров.
Анткен менен уулу Рустам болсо инвесторлорду тартуу боюнча иштеп, Ысык-Көлдө гольф аянтчасын курдуруп жүргөнүн айткан.
"Кудай буюрса, эмдиги жылы ачылышын кылабыз деп турабыз. Биринчи жолу аянты боюнча Орто Азияда эң чоң гольф аянтчасы курулат. Андан сырткары, өлкө боюнча ар бир айылга жарыгы менен камсыз болгон футбол аянтчасын курдурам деп былтыр иш баштаган. Бүгүнкү күндө Түп, Ак-Суу райондорун бүтүрүп, Жети-Өгүзгө жетип калды. Азыр эми бир эле маалда тигил жагы Баткенден, бул жагы Ат-Башыдан баштайбыз деп турушат", — деген президент.
Алдыдагы беш жылда өлкө боюнча бир дагы айыл футбол аянтчасыз калбайт деген максат менен иштеп жаткандыгын айтып, "жар салбай эле, мактанбай эле иштеп жүрүшөт" деп кошумчалаган.
Садыр Жапаровдун тууганы Улан Жапаров үй камагына чыгарылды