Садыр Жапаров расмий сапар менен Италияга аттанды. Кимдер коштоп кетти

Бул ирет кыргыз-италиялык мамилелердин бүтүндөй комплекси, аларды өнүктүрүүнүн келечеги талкууланмакчы.
Sputnik
БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-октябрда, расмий сапар менен Италияга жана Ватиканга жөнөп кетти.
Мамлекет башчынын маалымат кызматы бул сапарда жогорку деңгээлдеги эки тараптуу сүйлөшүүлөр болорун жана кыргыз-италиялык мамилелердин бүтүндөй комплекси, аларды өнүктүрүүнүн келечеги талкууланарын билдирди.
Кыргызстандын расмий делегациясынын курамындагылар:
тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
Кыргызстандын Италиядагы элчиси Таалай Базарбаев;
башкы прокурор Максат Асаналиев;
маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов;
юстиция министри Аяз Баетов;
президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев;
президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов;
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев.
Жапаров Италияга болгон расмий сапарында Рим папасы менен да жолугат