Садыр Жапаров Кыргызстанда канча миллиардер жана миллионер бар экенин айтты

Sputnik
БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Биздин өлкөдө доллар менен өлчөнгөн 5-6 миллиардер, 200дөй миллионерибиз бар. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Кабардагы" маегинде билдирди.
Анын айтымында, бизнесмендердин көпчүлүгү акчаларын офшорлордо сакташкандыктан, каражатты мыйзамдаштыруу мыйзамын кабыл алып беришкен.
"Бирок бүгүнкү күнгө чейин акчаларын өлкөгө толук алып кирише элек. Жарым-жартылай алып келип, курулуш тармагына салып жаткандар бар. Мен аларга коркпой алып келгиле, долбоорлорго катышкыла деп айтар элем. Позиция-оппозиция деп бөлбөй экономикага, мамлекетке пайда алып келе турган долбоорлорго катыштырып, колдоого даярбыз. Ошол эле сындап жаткандар, журналисттер жол эле эмес, бардык тармактарга инвесторлорду таап келишсин, катышсын, алып иштетишсин", — деди президент.
Жапаров Ысык-Көлдө 90 гектер жер 10 гектардан тогузга бөлүнгөнүн айтып, ошол жерлерге беш жылдыздуу мейманкана салууга өлкөнүн байларын чакырган.
"Жар салбай эле иштеп жүрүшөт". Садыр Жапаров уулу туурасында айтты