"Тай-Мураска ыракмат айталы". Президент Ташиевдин баласы жөнүндө

Жапаров, мындан сырткары, Тай-Мурас Ташиев кайрымдуулук менен да алектегенин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин баласы Тай-Мурастын Өзгөндөгү (Ош облусу) айланма жолдун курулушуна тиешеси бар деп айтылган сөздөргө "Кабар" маалымат агенттигине берген интервьюсу аркылуу жооп берген.
Мамлекет башчысы алгач ири эл аралык маанидеги жолдорду курууга көп акча кетерин, берилген жарыяга карабастан "бир дагы компания же жеке жактар мен салам деп келбегендигин" айткан.

"Анткени жол өзүн-өзү узак убакытта актайт. Ал эми Өзгөн айланма жолун салып жаткан Тай-Мураска ыракмат эле айтпайлыбы. Акчасы бар адамды издеп, инвестор таап келип, салып жатканына ыраазы болушубуз керек. Тай-Мурас эгер мамлекетке зыян келтире турган болсо өзү ачкан компанияны киргизмек беле? Андай болсо бат эле билинип каларын жакшы билет да. Мамлекетке пайда келтирип жатканы үчүн ишенимдүү түрдө киришип жатат да", — деген ал Камчыбек Ташиевдин уулу туурасында.

Ал инвестролор менен иштөө туурасында аларга (балдарына — ред.) дайым айтып келгендигин белгилеген.
Жапаров, мындан сырткары, Тай-Мурас Ташиев кайрымдуулук менен да алектенгенин баса белгилеген.
"Тай-Мурас муктаж адамдарга үйлөрүн куруп берип, жетим-жесирлерге жардам берип жүргөнүн дагы көрүп жүрөбүз. Кечээ жакында селдин кесепетинен улам үйү жараксыз болуп калгандарга үй салып берип жатат", — деген Жапаров.
"Жар салбай эле иштеп жүрүшөт". Садыр Жапаров уулу туурасында айтты