Радио

Данилбеков: МЖӨ боюнча Кыргызстан дүйнөлүк рейтингде 22-орунга чыкты

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун директорунун орун басары Улан Данилбеков Кыргызстан чакан долбоорлор менен иштөө менен МЖӨ тармагына жаңычылдык киргизгенин айтты.
Sputnik
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбооруна 400 миллион доллардан ашык инвестиция тартылган. Бул тууралуу Улан Данилбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, МЖӨ — кен казуу иштерине, мамлекеттик сатып алуулар механизмине колдонулбайт жана жеке өнөктөш долбоорду башка бирөөгө сатып жиберүүгө тыюу салынат.
"Учурда долбоордук түзүмүбүздө 70тен ашык долбоор бар. Алардын 42си ишке ашыруу стадиясына өттү. Тагыраагы, жеке инвесторлор аныкталып өз ишин баштады. Бардык долбоорлор 2021-жылы кабыл алынган мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) мыйзамынын жаңы редакциясынын негизинде жасалат. Долбоорду мамлекет гана эмес, жеке тараптар да демилгелей алат. Жеке өнөктөштү тандоодо анын техникалык жана каржылык сунушу каралат. Эң сапаттуу сунушту жеткиликтүү баада көрсөткөн жеке тарап утушка ээ болот. Мамлекеттик каржылоо менен катар жеке инвестицияларды мамлекеттик жана муниципалдык объектилерге да тартабыз. Жогоруда айтылган 70 долбоордун жалпы наркы 164 миллиард сомдон ашты. 2023-жылдын сентябрь айынан тарта 21 долбоорго кол коюлган. Кээде кабыл алынган долбоорду мындан да кеңейтүү же азайтуу үчүн коррекциялар болуп турат. Ушуга байланыштуу каралган суммалар да өзгөрөт. "Экономист" журналынын дүйнөлүк салыштыруулары боюнча, мурда 68-орунда болсок, учурда Кыргызстан МЖӨ боюнча дүйнөлүк рейтингде 22-орунду ээледи. Башкача айтканда, жаңы башталган деңгээлден өнүккөн деңгээлге көтөрүлдүк. Бул — эки-үч жылдык эмгектин көрсөткүчү. Бизде негизинен саламаттыкты сактоо, спорт, туризм жана муниципалдык, агрардык деңгээлдеги долбоорлор көп жасалат", — деди Данилбеков.
Ал азыр дүйнөдө чакан долбоорлор боюнча Кыргызстандын тажырыйбасы изилденип, колдоого алынып жатканын кошумчалады.