Песков: Москва Жакынкы Чыгыштагы согушкан тараптарды сабырдуулукка чакырат

Россиянын Жакынкы Чыгыш кагылыштарындагы бардык өлкөлөр менен "өзгөчө байланыштары" бар экенин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 2-окт — Sputnik. Түштүк Чыгыштагы кырдаал эң кооптуу сценарий менен курчуп бара жатат. Мындай пикирин Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков журналисттерге билдиргенин РИА Новости жазды.
"Болуп жаткан окуяларга байланыштуу бардык тараптарды сабырдуулукка чакырабыз. Албетте, жарандардын өлүмүнө алып келген бардык аракеттерди айыптайбыз", — деди Песков.
Ал Россиянын Жакынкы Чыгыш кагылыштарындагы бардык тараптар менен "өзгөчө байланыштары" бар экенин белгиледи.
Axios порталынын билдиргенине караганда, Израиль жакынкы күндөрү Ирандын өзөктүк, мунай жана башка стратегиялык объектилерине чабуул коюшу мүмкүн. Израилдин жообу боюнча конкреттүү чечими азырынча кабыл алына элек, Тель-Авив маселени АКШ менен макулдашмакчы.
2004-жылдын 1-октябрында Иран Израилдин аймагына 200дөн 400гө чейинки ракеталар атылган. Ислам революциясынын коргоочулары ракета чабуулдары Ирандын союздашы "Хезболла" жана ХАМАСтын лидерлери Хасан Насрулло менен Исмаил Ханиянын өлүмүнө берилген жооп экендигин айтты.
Ирандын ТИМ башчысы Израилге жасалган ракеталык чабуул боюнча үн катты