Тогуз-Торонун мектеби "Жылдын мыкты мектеби" аталды

Сынакка 122 мектеп катышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Т.Мойдунов атындагы жалпы орто билим берүү уюму "Жылдын мыкты мектеби – 2024" аталып, 300 000 сомдук сертификат менен сыйланды. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, буга чейин министрлик ар бир жаранды “Өз мектебиңди колдо!” хештеги менен челленджге катышууга чакырып, мыкты мектеп тандоого бул демилге да жардам берген.
“Кыргызстандын мыкты мектеби” тандоосуна 122 мектеп катышып, бардыгы Ыраазычылык кат менен сыйланышканы кошумчаланды.
Сынак республикадагы мыкты мектептердин алдыңкы иш тажрыйбасынын үлгүлөрүн, мыкты билим берүү жана башкаруу көндүмдөрүн аймактарда жайгашкан мектептерге жеткирүү жана жайылтуу максатында уюштурулган.
Мугалимдер арасында сынак башталды, жеңүүчүгө Бишкектен батир берилет