Кыргызстанда күйүүчү майды маркалоо системасы ишке кирди

Sputnik
БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Кыргызстанда күйүүчү майды маркалоо системасы расмий ишке киргизилгенин Мамлекеттик салык кызматы билдирди.
Ага ылайык, бензин менен дизелдик отунду милдеттүү маркалоо талабы кечээтен тарта киргизилди. Импорттолуучу жана өндүрүлгөн күйүүчү-майлоочу материалдарга молекулярдык маркерлер колдонулат.
"Жаңы жылдан тарта маркасы жок бензинди жана дизель майын сатууга тыюу салынат. Молекулярдык маркер күйүүчү майдын структурасына кирип, жуулуп кетпейт. Бул системаны ишке киргизүү күйүүчү-майлоочу майдын мыйзамсыз жүгүртүүсүнө бөгөт коюп, рынокто күйүүчү майдын сапатын жакшыртууга мүмкүндүк берет", — деди Салык кызматы.
С.Жапаров Жалал-Абаддагы мунайды кайра иштетүүчү заводду жаңылоого старт берди