Ирандын ТИМ башчысы Израилге жасалган ракеталык чабуул боюнча үн катты

Sputnik
БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Ирандын тышкы иштер министри Аббас Акарчи Израилге жасалган ракеталык чабуулга байланыштуу кырдаалга кийлигишпөө талабын АКШга Швеция аркылуу жеткиргенин билдирди.
Ал белгилегендей, ракеталык чабуул өлкөнүн өзүн-өзү коргоо укугун ишке ашыруу болуп саналат.
"АКШга Швеция аркылуу эскертүү берилди. Анда сокку урууну улантуу ниетибиз жок экени айтылган. Биз ошондой эле АКШга кийлигишпөөнү да эскерттик", — деген Акарчи.
Министрдин айтымында, Жакынкы Чыгышта масштабдуу жаңжал чыгуу ыктымалдыгы бар, бирок Иран күчтөрү толук даярдыкта.
"Кийинки күндөр жарык болот деп ойлойм. Өткөн түнү биз Израилден айрымаланып жарандык сферага тийишкен жокпуз. Болгону аскердик объектилерди жок кылдык. Биз жакынкы күндөрдө аймактагы абалдын турукташуусуна күбө болобуз деп ишенебиз", — деди тышкы иштер министри.
1-октябрдын кечинде Иран Израилге 200дөн 500гө чейин ракета учурган. Ислам революциясынын сакчылар корпусу ракеталык сокку Ирандын союздашы, "Хезболланын" лидери Хасан Насрулла менен ХАМАСтын жетекчиси Исмаил Ханияны өлтүрүүгө жооп иретинде жасалганын билдирди.
Түндө Иран Израилге чабуул койду, экинчи тарап жооп болорун айтты