Иран Израилге ракеталык сокку урду. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Иран Израилге абадан ракеталык сокку жасаганын РИА Новости Израилдин армиясына таянып кабарлады.
Айрым ЖМКлардын билдирүүсүнө караганда, Израиль тарапка 400дөй снаряд атылган.
ЖМКлар бул пландалган чабуулдардын экинчи толкуну экенин кабарлап, Израилдин аймагындагы маанилүү аскердик объектилерге чабуул коюлганын маалымдашты.
Ислам революциясынын сакчылар корпусу чабуул "Хезболланын" баш катчысы Хасан Насрулла, ХАМАСтын саясий бюросунун башчысы Исмаил Хания жана "Кудс" күчтөрүнүн командири Аббас Нилфорушандын өлүмүнө жооп болгонун билдиришкен.
Пентагон Ирандын болуп кетүүчү чабуулуна карата аскердик даярдыгын арттырды