Икрамовдун ордуна келген жаңы депутат Кылычбаев ант берди

Sputnik
БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Бүгүн Жогорку Кеңештин жаңы депутаты Алтынбек Кылычбаев парламентте ант берди.
Ал №13 бир мандаттуу Сузак шайлоо округунан шайланган.
"Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын курамына кирген Кылычбаев мурдагы депутат Тазабек Икрамовдун ордуна келди. Анын 17-июлда УКМКда сурак берип чыкканы маалым болгон. Көп өтпөй эле 19-июлда өз ыктыяры менен мандатын тапшырганы кабарланган.
Мандатын тапшырган Тазабек Икрамов элге кайрылып, принциби тууралуу айтты