Аялдар октябрь ичинде айрым ооруларга акысыз текшериле алышат. Тизме

Кыз-келиндер акысыз кан басымын өлчөтүп, жүрөк-кан тамыр ооруларына, кант диабетине чалдыгуу коркунучтары бар-жогун аныктап, жугуштуу эмес оорулар боюнча кеңештерди алышат.
Sputnik
БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги өлкө боюнча жыл сайын уюштурулуучу "Айымдардын ден соолугу" аталышындагы бир айлык өтүп жатканын маалымдады.
Билдирүүгө ылайык, ал кечээ, 1-октябрда, башталган, айдын аягына чейин уланат.
Бир айлыктын максаты — 18 жаштан өткөн кыз-келиндерди жугуштуу эмес оорулар боюнча кеп-кеңеш алуу үчүн медициналык мекемелерге кайрылууга үндөө.
"Акыркы төрт жылдын ичинде 15 миңден ашуун аял кант диабети менен каттоого алынды. 45 миң аялда биринчи жолу гипертония аныкталган. Мындан тышкары, эмчек безинин жана жатын моюнчасынын рагы аялдардын арасында көбөйүп, ал өлүмгө кептөөдө. "Айымдардын ден соолугу" бир айлыгы оорулар тууралуу маалымдуулукту жогорулатуу, аларды эрте аныктоого жана оорулардын татаалдашуу коркунучун азайтууга багытталган", — дешти министрликтен.
Ошондой эле мекеме октябрь айында аялдар акысыз кан басымын өлчөтүп, жүрөк-кан тамыр ооруларына, кант диабетине чалдыгуу коркунучтары бар-жогун аныктап, жугуштуу эмес ооруларды алдын алуу, дарылоо боюнча кеңештерди ала алышарын кошумчалашты. Бул үчүн алар жашаган жериндеги баштапкы медициналык-санитардык жардам мекемелериндеги үй-бүлөлүк дарыгерге же медайымга кайрылышы керек.
Пресс-борбор
"Росатом" Кыргызстанга өзөктүк медицинаны жандандырууга көмөктөшөт