Чүйдөгү 650 млн. сомдук "Кайыңды нан кабыл алуу пункту" мамлекетке кайтарылды

Sputnik
БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Чүй облусунун Панфилов районундагы мурда жеке жак тарабынан менчиктештирилип кеткен "Кайыңды нан кабыл алуу пункту" мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Чүй облустук мамлекеттик мүлк фондунун жооптуу кызматкерлери жалпы аянты 3,4 гектарлык "Кайыңды нан кабыл алуу пункту" имараттары жана курулуштары менен бирге жеке менчикке өткөрүлүп, кийинчерээк үчүнчү жактарга кайра сатылгандыгы аныкталган.
1 / 2

Чүй облусунун Панфилов районундагы мурда жеке жак тарабынан менчиктештирилип кеткен "Кайыңды нан кабыл алуу пункту" мамлекеттин менчигине кайтарылды

2 / 2

Текшерүүнүн жүрүшүндө менчик ээси сметалык баасы 650 миллион 82 миң сомдук объектини өз ыктыяры менен мамлекеттин балансына өткөрүп берди

"Текшерүүнүн жүрүшүндө менчик ээси сметалык баасы 650 миллион 82 миң сомдук объектини өз ыктыяры менен мамлекеттин балансына өткөрүп берди", — деп айтылат маалыматта.
Мыйзамсыз менчиктештирилген өндүрүштүк жана социалдык объектилерди мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иш-чаралар улантылууда.
Бишкектин четиндеги оорукананын имараты мамлекетке кайтарылды